www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын башкы прокурор кызматына Өткүрбек Жамшитовду сунуштады. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Ак үйдөгү булактар кабарлашты. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети Жамшитовдун талапкерлигин 24-апрелдеги жыйында талкуулайт деп кабарланды.

Парламенттин басма сөз кызматы башкы прокурордун маселеси аталган комитеттин күн тартибинде жоктугун, бирок жыйындын жүрүшүндө сунушталышы мүмкүндүгүн билдирди.

Өткүрбек Жамшитов 2015-жылдын июлунан бери Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеп келет.

Мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаева президенттин сунушу менен 11-апрелде отставкага кеткен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости