www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Майлуу-Сууда токко урунуп, колу кесилген жоокер Руслан Сапарбаев тууралуу билдирүү таратып, окуяга түшүндүрмө берди. Мекеме жоокер №30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылганын, окуя кезмет учурунда болгонун ырастайт.

Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева “Азаттыкка” буларды айтты:

- Кызматтык иликтөө маалында алдын-ала белгилүү болгон маалыматтарга ылайык, мөөнөттүү аскер кызматынын 1996-жылы туулган жоокери С.Р. кызматындагы бир күндүк нөөмөт учурунда электр көмөк чордонунун аймагына кирип алган. Көмөк чордондогу тыюу салынган белгиге карабастан С.Р. каралбай калган трансформаторго кирип, натыйжада электр тогунун соккусуна дуушар болгон. Эки колунун учтары толугу менен күйгөн аскер кызматчысы Майлуу-Суу шаарындагы, андан соң Ош шаарындагы ооруканаларга дароо жеткирилген. Кийинчерээк Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедиянын күйүк борборуна которулуп, ал жерден оң колу чыканакка чейин ампутацияланган. Ал эми иликтөөнүн материалдары Жалал-Абад гарнизонунун Аскердик прокуратурасына жөнөтүлгөн, - деди Жарашева.

Башкы штаб аскер кызматчысы керектүү дарылоодон өтүп жатканын, оорукананын дарыгерлеринен сырткары ага аскердик госпиталдын кызматкерлери да көз салып жатканын белгилейт. Баштапкы маалыматтарга ылайык, окуя 8-августта болгон.

Буга чейин жоокердин жакын тууганы Гүлмира Кашкараева “Азаттыкка” кайрылып, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн иниси Руслан Сапарбаев токко урунуп, оор жаракат алганын кабарлаган. Ал жоокер постто турган кезде электр тактайчасындагы зымдарга тийип, күйүп калганын айткан эле.

Бишкек шаарындагы №4 оорукананын күйүк-жараат бөлүмүнүн дарыгери Владимир Плаксин Руслан Сапарбаевге операция жасалып, оң колу ампутация кылынганын, сол колун да кесүү коркунучу бар экенин билдирген. Жоокердин жакындары күчтүү дарыгерлерди тартып, анын экинчи колун сактап калууга жардам берүүнү бийликтен өтүнүүдө. Алар ошондой эле бул ишти гарнизондук аскер прокуратурасы жетиштүү иликтебей жатканын айтышып, Башкы прокуратурага да арыз жазышты.

Руслан Сапарбаев - Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну.

Булак: "Азаттык"

Последние новости