www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прокуратура Бишкек мэриясында 2021-2022-жылдары айлык мыйзамсыз негизде көбөйтүлүп берилген фактыны аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык мыйзам бузуунун кесепетинен 781 миллион 397 миң сом чыгым болгон. Бул убакыт аралыгында эки айлыктын суммасы төлөнүп турган.

"Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаардык финансы башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары өздөрү жана башка адамдар үчүн пайда көрүү максатында мыйзам талаптарын одоно бузушкан", - деп айтылат маалыматта.

Факт боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости