www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министри болгон Алымкадыр Бейшеналиев деген мүнөзү оргу-баргы аткаминер бар эмес беле? Министр кезинде коомго далай чуулу жоруктары менен таанылган. Натыйжада, Башкы прокуратура тарабынан 7 кылмыш иши козголуп, камалып чыкты. Анан эле, кылмыш иштери кыскартылып, Ысык-Көлдө жайгашкан балдардын "Алтын балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору болуп кеткен. Ошол бойдон дым болду. 

Жок, бар экен. Дагы бир кылыгы "жарк" этти. Ак Үйдөн алынган темир тосмолорун ташып кетип, "Алтын балалык" борборунун аймагын тосуп алыптыр. 

Мейли анысына деле. Чирип жаткандан көрө пайдаланган жакшы. Бирок, атайын алып барып тосуп жатканга жараша, курулуш нормаларын сактап курса болмок. Жөн эле кумга көмүп койгон кантип болсун! Атайын пайдубалын куюп, кум тийбегендей кылып орнотуш керек эле. Эми нымдуу кумга жайы-кышы көмүлүп турган темир тосмо бат эле чирип жок болот. Эртең анан кайра чыгым болуп башка тосмо тосуп ит болушат... 

Негизи, кожо көрсүн үчүн чала-була иш кылып, майнаптуу иш кылбагандар көнгөн адатынча эле кайсы жерге барсын чалды-куйду иштерди жасап, ошого корстон болуп жүрө берет тура.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости