www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Марлен Маматалиев Жаныбек Абиров менен мушташка катышкан деген маалыматка комментарий берди.

"Вечер трудного дня" программасынын эфиринде ал мушташка катышпаганын билдирген.

"Мени да мушташка аралашкан дешти. Мен ал жерде болбогонумду расмий түрдө билдиргим келет. Ал жердеги жигиттердин бири мага окшош экен. Ал күнү мен бул мекемеде болгон эмесмин.

Бул иш депутат болгонуна байланыштуу коомчулукта чоң резонанс жаратты. Бирок менин оюмча, ким болбосун – депутатпы, мамлекеттик кызматкерби, жөнөкөй жаранбы, президентпи – баары мыйзамга баш ийиши керек. Болгон окуяны мен да айыптайм.

Ал жерде эмне болгонун билбейм. Мен аны (Абировду) жакшы билем, токтоо адам, дароо мушташа бербейт. Аны менен байланыша алган жокмун, бирок мындай нерселерге жол бербешибиз керек деп ойлойм. Депутаттар баарына үлгү болушу керек. Биз мыйзамдарды өзүбүз жазабыз жана бул мыйзамдардын башында турушубуз керек", - деди Маматалиев.

Ал эске салгандай, депутатка кылмыш ишин козгогондо жабырлануучу тарап каршы арыз жазбаса, Башкы прокуратура аны кол тийбестиктен ажыратуу боюнча парламентке сунуш киргизиши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости