www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 13-мартта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун чечими менен Ырыскелди Жекшеналиевдин арызы канааттандырылып, окууга жайына кирди.

Активист Ырыскелди Жекшеналиев Кыргыз улуттук университетинин үстүнөн окуудан мыйзамсыз чыгарылгандыгы боюнча 4 ай мурун арыз жазып, бүгүн 6-соттук отурумунан кийин гана чечим чыкты. Буга чейинки соттук процесстер КУУнун өкүлдөрү сотко даярдыгы жок келгендигине байланыштуу жылдырылып жаткан.

Эскерте кетсек, Ырыскелди Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августтунда камакка алынып, 26-октябрында Бишкек шаардык соту тарабынан үй камагына бошотулган.

Ал ортодо Юридикалык академия Жекшеналиевди «байланыш үзүлгөндүгү тууралуу» деген негиз менен мыйзамсыз окуудан чыгарышкан.

Мыйзамдардын иерархиясы боюнча Конституция эң жогорку тепкичте турат жана ага каршы аргумент катары эч нерсе келтирилбейт. Ошол Баш мыйзамдын 46-беренесинин 1-пункттунда «Ар бир жаран билим алууга укуктуу» деп турса, кийинки бөлүгүндө «Мамлекет шарт түзүп берүүгө милдеттүү(!)» дейт. Ал эми 102-беренеде «Судьянын чечими Конституцияга каршы келбеши керек» деп так, даана көрсөтүлгөн. 

Жарандык процессуалдык кодексинин нормаларын, 2012-жылдын 29-майында Кыргыз өкмөтүнүн чыгарган токтомун жана окуу жай менен студенттин келишимин эске алып, судья Жекшеналиевдин арызын канааттандырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости