www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратура энергетика министрине эки кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, 2021-2022-жылдары энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Өзбекстан жана Орусияга болгон чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирилген.
Мындан тышкары, Доскул Бекмурзаев кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, “Теплые ключи” ден соолукту чындоо комплексинин объекттерин капиталдык оңдоодо "Б." ЖЧКга жалпысынан 15 млн сомдон ашык зыян келтирилген.
Натыйжада энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекеттин жана жеке жактардын кызыкчылыктары одоно түрдө бузулуп, аларга ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Булак: NazarNews.kg