www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так аткарылышына туруктуу прокурордук көзөмөлдү күчөттү.
Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык каражат өндүрүлгөн.
Ошондой эле мыйзамсыз трансформацияланган 200 гектар жер аянты өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын курамына кайтарылды.
Мындан тышкары, 400 гектардан ашык мөңгүнүн сакталышы камсыздалып, мөңгүлөр жайгашкан аймактарды жер казынасын пайдалануу максатында мыйзамсыз берүү аракеттерине бөгөт коюлду.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, экологиялык мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында Президенттин колдоосу менен Бишкек жана Ош экологиялык прокуратуралары түзүлүп, ишин баштады.
Учурда аталган түзүмдөр жер казынасын пайдалануу, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо, суу ресурстарын коргоо жана башка экологиялык маанилүү багыттар боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөп келет.
Ведомстводон билдиришкендей, жарандар экологиялык мыйзамдардын бузулушу боюнча маселелер менен Бишкек жана Ош экологиялык прокуратураларына кайрылып, өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргой алышат.
Башкы прокуратура айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы иштерди мындан ары да улантарын билдирди.
Байланыш телефондору:
Бишкек экологиялык прокуратурасы: +996 312 32-35-08; +996 555 758-677
Ош экологиялык прокуратурасы: +996 500 993 330; +996 552 547 647