www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Семеновка – Ак-Суу – Григорьевка автомобиль жолун капиталдык оңдоо долбоорунун алкагында асфальт-бетон төшөө иштери 85 пайызга аяктады.

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, акыркы күндөрү нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен Григорьев капчыгайындагы дарыяда суунун деңгээли көтөрүлүп, жолдун айрым тилкелеринде жер төшөлмөсүнүн жуулуп кетүү коркунучу жаралган.

Учурда подряддык уюм тарабынан атайын техника тартылып, кырдаалды жөнгө салуу жана жолду бекемдөө боюнча авариялык-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо институту кошумча инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүп, жолдун коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу максатында кошумча долбоордук чечимдерди даярдоодо.

Ведомстводон билдиришкендей, бардык зарыл иштер аяктагандан кийин жаралган көйгөйлөр толугу менен жоюлуп, жолдун коопсуз жана үзгүлтүксүз пайдаланылышы камсыз кылынат.

Последние новости