www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүктү кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов билдирди.

Мындан тышкары, камсыздоо боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Джаналиева жана каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов кармалганы көрсөтүлгөн.

«Кармалгандардын бардыгы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда», - деди Сирожиддин Камолидинов.

Эске сала кетсек, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын ишин текшергенден кийин Башкы прокуратура үч кылмыш ишин козгогон.

Буга чейин Кумтөрдө аныкталган каржылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, азык-түлүк, тетиктер базар баасынан жогору баада сатылып алынганы белгилүү болгон. Буга байланыштуу буга чейин Кумтөрдү жетектеп келген Теңиз Бөлтүрүк жана каржы директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости