www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элдин назарынан чыгып калган “музыка таануучу” аталган Тимур Саламатов үйүндө жумушсуз отуруп алып, “жазмакерлик” менен алектенип, тегеректи чаңдатып, коомго терс өңүттөгү "үрөнүн" сээп келүүдө. Мындай пикирин композитор Муратбек Бегалиев билдирди.
"Көрө албастыктын дагы чеги болот. Интернет баракчаларына дегеле чыкчу эмес элем. Аргасыздан ушул постту жазууга туура келди."Уялбагандан өзүң уял“демекчи, "Кыжырга тийген,ушунчалык ушакчы, көралбас, ыплас адамдарга туура, так жооп берип койбосоңуз, авантюристтер чокуңузга чыгып алышты!”- деген көптөгөн телефон чалып суранган күйөрман музыка сүйүүчүлөрүмө, “...теңелбейинчи , аларга кетирген убактымдын ордуна бир чыгарма жазып алганым артык!”- деп айтып келген элем.
“Атың чыкпаса жер өрттө” же "Жыгылсаң төөдөн жыгыл, буйласын кармай жыгыл" дегендей, эч жерге батпай, искусство чөлкөмүнө кыпындай да кызмат көрсөтө албаганы аз келгенсип, профессионалдык, таза искусствону тебелеп-тепсеп келген, элдин назарынан чыгып калган “музыка таануучу” аталган Тимур Саламатов үйүндө жумушсуз отуруп алып, “жазмакерлик” менен алектенип, тегеректи чаңдатып, коомго терс өңүттөгү "үрөнүн" сээп келүүдө. Ал келечектеги жаштарыбызга кандай таасирин тийгизип жатканын сакалың өрттөнгүр, бул киши ойлонот болду бекен?!
Жашы жетимиштен ашып калса дагы аксакалдык наркты сактоонун ордуна, “кайсыл жерден чыр чыгарып жиберсем!”- деп "шылтоо" табылса эле, "шыноо" болууга далбастанып келет. "Бул ыкма Фейсбуктун негизги закону болот"- дейт имиш. «Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей бул эмне деген чектен чыккан наадандык!
Тегерегине өзүнө окшогон “кудайдан жөө качкандардан” уюшулган топ түзүп, коомчулуктун көңүлүн бурдурууга аракет кылып, кара пиарларды жасап келишет. Кыргызстанда улам жаңы саясый жетекчилик келген сайын, ошолордун камчысын чабымыш этип, алардын партиясына жармашып кирип, алар кетээри менен жамандап, жаңысына телинип жүргөнүн тегерегибиз тегиз билет. Ушундайларды өз учурунда ооздуктап, тизгиндегенге убакыт келди го?!- деп ойлойм урматтуу Фейсбук колдонуучулар.
Менин дарегиме ойдон чыгарылган калптарды, жалган ушактарды каякка гана, кимдерге гана жазган жок?! Ушинтип койсом эле “элдер ишенет” деп ойлойт го. Эч ким ишенген да жок, ишенбейт дагы! Эл өзү тараза, алар баарын көрүп турат эмеспи! Эми эмне дейин,.. Кудайга койдум!
Бул бечарага убагында кандай гана жардам берген жокмун. Москвада окуган мезгилинде Надя деген орус кызга үйлөнүп, беш жыл анын мойнунда отурдуң, окууну бүтөөрүң менен Фрунзеге качып келип, Надя менен алмончоктой кызыңды таштап, биздин окуу жайдын студенткасына баш коштуң. Кой дедик, болбодуң!
4-5 жыл өтпөй 3-4 баласы менен аларды да таштап, биздин окуу жайдын жаңы жаш абитуриенткасынын башын айлантып, ага да үйлөндүң. Кой дедик, анда да болбодуң!
Азыр ким менен жашап жатканыңды билбейт экемин , аны билгим да келбейт. Аялын, өз балдарын, үй бүлөсүн мерездик менен таштагандарды адамзат тилдеринде “күкүк” дечү беле же “альфонс” дечү беле?!..,
Эми Тимур, сенин жашооңдогу “ишмердүүлүгүңө” кыскача кайрылып өтөйүн. Эл билсин кимдин ким экендигин. Жанымдан чыкпай жалдырап, "өлүмүш болуп" жүрүп, биздин консерваторияга проректорлукту суранганыңда сени аяп учурунда жумушка койгон элек. Көзүндү жашылдантып, жалооруганыңда наамга да жеткиргенбиз. Наамды алаарың менен ач көздөнүп “айлыгым аз экен Турцияга барып иштеп келем” деп алдап, төрт айдай жумушка келбей, “шашлычник”болуп кеткен жериңен уяткарып кармап алып, эмгек кодексин бузганың үчүн жумуштан кетирген элек. Муну бүт коллектив эмдигиче унутпай эстеп жүрүшөт. Көрсө ошондо эле ичиңе кыпындай да таруу айланбай , чыдамың кетип, өзүмчүлдүгүң күчөп, ичиң ийделенип келаткан мезгил тура
Кийинчерээк ортомчуларды жиберип жатып, Караколдогу "Ы. Туманов атындагы музыкалык окуу жайга" директорлук кызматка макулдугумду суранып жатып директор болдуң. Жарым жыл ичинде окуу жайдын короосун көчөдөгү жайма базарга айлантып, окуу жайдын жатаканасын четинен сатып, окуу процессин үзгүлтүккө учураттың. Муну түшүнгөн коллектив сени директорлуктан дароо кууп чыгышпады беле, же жалган айтамбы?!
Эч жакка жумушка алышпай, үйдө отуруп калган мезгилиңде кандайча жол менен Опера жана балет театрына директор болуп калганыңды эл түшүнбөй айраң таң калды. Мына "коррупциянын башаты" деп так ушуну түшүнсө болот! - деп эл ичинде катуу талкуу жүрүп жатты.
Аз убакыт өтпөй, өзүң отурган чоң Опера театрыбыздын искусство храмынын ордосун, болгондо дагы касиеттүү сахнасын “бардель-тойканага” айлантып, бир канча миң долларга ижарага бергениң үчүн ызы-чуу менен театрдан да куулгансың. Бул окуя кыргыз элибиз үчүн бетибизге жабылган кара чүмбөт тууралуу бүткүл дүйнө социалдык сеттер сересинен түз эфир аркылуу көрбөдүбү?! Баса, ушул чуулгандуу коррупция боюнча иш козголсо керек эле, эмне болуп бүткөнү алигиче белгисиз.
Ошентип жалпы искусство чөлкөмүнө кандай “ак кызмат” кылганыңды ачык эле айттым. Элибизде “Айтпаса сөздүн атасы өлөт!” деп айтылат эмеспи.
Эми жакындагы эле эң акыркы мени каралаган ыплас постуңа жооп берейин.
Мага учурунда берилген Мамлекеттик Токтогул сыйлыгы боюнча буларды айтаар элем. "Аферисттин аферисти" айткан жалган жалаасы дегеле суу кечпейт. Ушул Токтогул сыйлыгына илинишим үчүн мен, ошол жүдөп-какап өзүн араң алып жүргөн Тимур,.. сага кайрылмак белем?! Бул жаш баланын оюну, күлкү, жомок! Шыпшайдар эле ишенбесе буга ким ишенет"
"Сынчынын сыңар өтүгү майрык" демекчи өзүң композитормун демиш этип ооз толтура мактанып жүрөсүң, же обончунун деңгээлине татыбайсың. Партитураң барбы аны жазганды билесиңби?! Жарым жартылай бир чыгармаң барбы, болбосо кел убакыт таап башкалар менен кошо окутайын!
Ал эми музыка таануучу катары бир эле А.Малдыбаев тууралуу кичинекей биографиялык монографиядан башка эчтекең жок экендиги музыка чөлкөмүндө айдан ачык белгилүү!
Мени сыйлыкка сен эмес, Дүйнөлүк “Ысык-Көл форуму” жана маданият министрлиги көрсөткөн. Улуу агаларыбыз Чыңгыз Айтматов, Бексултан Жакиев, А.Жумахматов, К.Молдобасанов, Г.Базаров, Ш. Дүйшеев ж.б. турган комиссия туура чечим чыгарып Токтогул сыйлыгын ардактап тапшырышкан.
Ал эми аткаруучулар боюнча сен бетиңе алып мага карама-каршы коеюн деген менин сыймыктуу окуучуларым Н. Нышанов, Т. Бейшеев ж.б. мен жазган ноталарды үн жазгычка жаздырышкан. Экөө тең эң талантуу окуучуларым. Мен алар менен сыймыктанам! Сага окшогон" алып сатаар" спекулянттар мени менен окуткан окуучуларымдын ортосуна чагым жасай албайсыңар! Биз көппүз, таптаза чыгармачыл жаратмандарданбыз, суук колуңду бизге жолотпой, тизгиниңди тартып жүр "чокчолой баатыр"!
Өзүң жакшы билгендей Тимур, сенин деңгээлине түшкүм келбейт! Эми мындан ары мени, арызчыл жан элең алаксытпа, убактым жок, досторуңа да айт, жалган жалаа менен ойдон чыгарган калп жазмыштарыңарды токтоткула!
«Жакшы деген бир ат бар, кууса жеткиз, Жаман деген бир ат бар, жууса кеткиз!» болбойлу. Эгерде постуңдагы Бурулкан айым комментарийинде белгилегендей абройго шек келтире турган жагдайга алып барсаңар, керт башыңар менен жооп бересиңер! Жетишет эми!
Ошончолук эле чыдабай баратсаң мага келчи көзмө-көз сүйлөшөлү! Ичиңдеги күптүү болгон көйгөйлөрүңдү мага айт! Бугуңду чыгарып ал. Дагы эле болсо жардамым сага сөзсүз тийет!
Урматтуу, фейсбукту колдонуучулар!
Ушундан пайдаланып сиздерге саймедиреп, чыгармачыл-композиторлук, мугалимдик ичтеги купуя бук, сезимимдеги жылуу кайрылууларымды жалпыңыздарга айта кетейин! - деп чечтим.
Азыркы мезгилдеги оомалуу-төкмөлүү дүйнөдө ынтымак, ырашкерчилик, аруу тазалык жакшы тилектер, бийиктеги жарык маанайларды чакырып, элибиздин нарк-насилин эске алып, маданиятыбызды социалдык тармактарда, ТВде, дегеле маалымат майдандарында этикалык Тартипти да, Тилибизди да көздүн карегиндей бекем сактоого аракет кылалы!- деген оюмду жалпыңыздарга жеткирип коеюн дедим.
Бар болсун Кыргыз элибиз! Өз тарабыбыздан ар кимибиз күрдөөлдүү аракеттерди жасасак сөзсүз өсүш жолунда өзүбүздүн үзүрлүү салымдарыбызды мамлекетибизге кошкон болобуз!", - деди Муратбек Бегалиев.
Булак: NazarNews.kg