www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы социалдык тармактарда, анын ичинде Ыдырыс Исаковдун баракчасында Ош облусунун прокуратура кызматкерлерине карата жарыяланган видеоматериал боюнча расмий түшүндүрмө берди.
Мекеменин маалыматына ылайык, алдын ала текшерүү жана соттук кароолордун алкагында бир катар жагдайлар такталган.
Атап айтканда, Алай районундагы мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүүдө «Аалам курулуш» ЖЧКсы бирдиктүү салык төлөөчү статусуна карабастан, аткарылган иштердин наркына кошумча нарк салыгын жана сатуудан алынуучу салыкты мыйзамсыз кошуп көрсөткөнү аныкталган.
Натыйжада мамлекеттик бюджеттен 1 912 069 сом ашыкча каражат мыйзамсыз алынган деп бааланган. Бул факт Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин расмий корутундусу менен тастыкталган.
Бул жагдайдын негизинде Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы «Аалам курулуш» ЖЧКсынан аталган каражаттарды кайтарууну талап кылып, маселе сот тартибинде каралган. 2026-жылдын 6-апрелиндеги Ош шаардык сотунун чечими менен доо толугу менен канааттандырылган. Учурда иш апелляциялык инстанцияда кароодо.
Ошондой эле Башкы прокуратура «Аалам курулуш» ЖЧКсынын жетекчиси Н. Мамбетаиповдун мурдагы «опузалоо» боюнча билдирүүлөрүнө байланыштуу текшерүүлөр жүргүзүлгөнүн белгилеп, анын айткандарын тастыктаган эч кандай юридикалык же фактылык далилдер табылбаганын билдирди. Ошондуктан бул билдирүүлөр сот чечиминен кийин жоопкерчиликтен качуу максатындагы жалаа катары бааланууда.
Мекеме Ыдырыс Исаков тарабынан көтөрүлгөн маселе боюнча бардык жагдайларды түшүндүрүү үчүн байланышууга аракеттер болгонун, бирок видеоматериал жарыялангандан кийин байланыш түзүү мүмкүн болбогонун да кошумчалады.
Башкы прокуратура жарандарды жана журналисттерди маалымат таратууда мыйзам талаптарын сактоого, жарыяланып жаткан материалдардын тактыгын текшерүүгө чакырып, коомчулукту адаштырууга багытталган фейк маалыматтарга жол берилбей турганын белгиледи.