www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уйкудан ойгонгон Калмаматовдун короз кыйкырыгы

Акыркы күндөрү Бактыбек Калмаматов саясий талаага кайрадан активдүү аралашып, ооматы кетип, ээрден жылмышкан Камчыбек Ташиевди жана парламент өкүлдөрүн катуу сынга ала баштады. Кечээ эле тынчып калган неме жанданып калышы көптөрдүн оозун ачырды.

Сыягы, чээнге кирип кетип, коомдун көңүл борборунан сыртта, унутта калган неме кайрадан саясий сахнага кайтуу үчүн “куру челектей” катуу калдырай баштады өңдөнөт.

Бир кезде Садыр Жапаровду аябай сындап, анан түрмөгө түшүп “сынып” үн катпай калды эле. Бүгүн Камчыбек Ташиевге “тиш салып”, Жапаровдун жактоочусу болуп чыкты. Кызмат үмүт кылып жатабы, же кырдаалдан пайдаланып бир көрүнүп калайын дедиби, сыйгаланып, тайгаланып күпүлдөп жаткан кези.

Торпоктун чуркаганы саманканага чейин болбосо эле болду. Айтор, “таңды мен кыйкырып атырып жатам” деген короздой эле бар.

Последние новости