www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Бостери айылында Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери акциздик маркасы жок тамеки продукциясынын ири партиясын аныкташты.
Рейддик салыктык көзөмөл иш-чарасы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан, акциздик маркаларды даярдоочу жана маркалоо системасынын оператору Учкун өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Бостери аймагынан акциздик маркасы жок 3 миң 751 куту тамеки продукциясы табылып, алынып салынды.
Товарлардын жалпы болжолдуу баасы 450 миң 120 сомду түзөт.
Бул факты боюнча тиешелүү рейддик акт түзүлүп, чогултулган материалдар укук коргоо органдарына укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлдү.
Салык кызматы белгилегендей, акциздик маркасы жок 200 даанага чейинки товарды мыйзамсыз сатуу үчүн 100 миң сом айып пул каралат.
Ал эми 200 даанадан ашык көлөмдө сатуу кылмыш жоопкерчилигине тартып, 7 жылга чейин эркинен ажыратууга чейин жаза карайт.
Мекеме жарандарды акциздик товарларды сатып алууда марканын бар-жогун жана анын аныктыгын текшерүүгө чакырат.
Акциздик марканын аныктыгын “Salyk” мобилдик тиркемеси аркылуу текшерүүгө мүмкүн.