www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү максатында жаңы эрежелер күчүнө кирди.

Ага ылайык, сот тарабынан коррупцияга катыштыгы далилденип, айыптоо өкүмү чыккан адамдар атайын бирдиктүү электрондук реестрге киргизилет.

Бул “кара тизмеге” кирген жарандарга бир катар чектөөлөр коюлат. Алар мамлекеттик кызматка орношо албайт, жогорку мамлекеттик сыйлыктарды ала албайт жана жетекчилик кызматтарды ээлей албайт.

Ошондой эле мындай адамдарга мамлекеттик сатып алууларга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна катышууга тыюу салынат.

Мындан тышкары, алар шайлоого талапкер катары катышуу укугунан ажыратылып, коомдук кеңештердин курамына кире албайт.

Последние новости