www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын делегациясы 17-сентябрда Минск шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин XI жыйынына катышты.

Кыргызстандык делегацияны Башкы прокурордун орун басары З. Акназаров жетектеди.

Жыйында коррупцияга каршы күрөшүү, анын алдын алуу чараларын өркүндөтүү, санариптик чечимдерди киргизүү, антикоррупциялык саясатты координациялоо жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Иш сапардын алкагында З. Акназаров Беларусь Республикасынын Башкы прокурору Д. Гора менен жолугушту. Тараптар кибер-алдамчылык боюнча кылмыш иштеринде эл аралык-укуктук кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын сакталышына прокурордук көзөмөл жүргүзүү жаатында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Мындан тышкары, Кыргызстандын делегациясынын өкүлү Беларусь мамлекеттик экономикалык университетинде лекция окуп, өлкөнүн коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы заманбап ыкмалары тууралуу маалымат берди.

Жыйындын жыйынтыгында КМШ мейкиндигинде коррупцияга каршы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган чаралар белгиленди.

Последние новости