www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө Кыргыз Республикасынын «Критикалык инфраструктура жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун көчмө жыйыны өтүп жатат.

Иш-чара Кыргызстандын УКМКнын Антитеррордук борборунун демилгеси менен 16–19-сентябрь күндөрү өткөрүлүүдө.

Жыйындын негизги максаты — мыйзам долбоорунун беренелерин талдап иштеп чыгуу, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана стратегиялык объектилердин операторлорунун позицияларын макулдашуу, ошондой эле критикалык инфраструктураны коргоо боюнча эл аралык тажрыйбаны эске алуу.

Жыйынга Президенттин Администрациясынын, Коопсуздук кеңешинин Катчылыгынын, министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, стратегиялык объектилердин операторлорунун өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышууда.

Иш-чара БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын жана терроризмдин глобалдык коркунучтарына каршы күрөшүү боюнча Европа Биримдиги–БУУ инструментинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Жыйындын алкагында объектилерди критикалык инфраструктурага киргизүүнүн критерийлери, аларды категорияларга бөлүштүрүү, Реестрди жүргүзүү, операторлордун милдеттери, мониторинг жүргүзүү жана инциденттерге чара көрүү механизмдери талкууланууда.

Мыйзам долбоору боюнча иш жыйындын жүрүшүндө келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен улантылууда.

Последние новости