www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаныбек Абиров кемчилигин түшүнүп, каталыгын моюнга алып, мыйзамды, жоопкерчиликти сезип, өз каалоосу менен мандатынан баш тартканы жигиттик болду. Болбосо мамлекетти ичип-жеп, тоноп, мурдун балта кеспей эле депутат, министр болуп жүргөндөр канча?

Мына алыс барбай эле жакында орун алган окуяны алалы. УКМК бажыдагы коррупциялык схемага байланыштуу Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бир тууган кайнисин кылтакка илди. Натыйжада эмне болду? Зулушев чиркей чаккандай да реакция кылган жок. Эдил Байсалов айтмакчы кылы кыйшайбай эле отурат. 

Эгер моралдык жоопкерчиликти сезсе, мыйзамды сыйласа эң жакын тууганы коррупцияга шектелип кармалып жатканда, эң кур дегенде тергөө, иликтөө иштери бүткөнчө кызматымды тапшырып четтеп турайын демек. 

Дегенибиз, Башкы прокурор катары тергөөнү өзү көзөмөлгө алат эмеспи. Анан ал өзү көзөмөлгө алган жерде кайсы акыйкат тергөө жүрөт. Зулушев жеке кызыкчылыгы үчүн кызмат абалынан, ыйгарым укугунан аша чаппайт, мыйзамды сыйлайт, кайнисине жан тартпайт, мыйзам чегинде тергөө жүргүзөт дегенге ким кепилдик берет? Эч ким? 

Анткени бул жерде туугандык, кызматтык кызыкчылыктын кагылышы болуп жатпайбы? 

Демек, Зулушевге салыштырмалуу Жаныбек Абиров жигиттик кылып жаңы саясий маданиятты калыптандырып жатат. Кызматтын, мандаттын кулу болбой, моралдык жоопкерчиликти сезген, мыйзамды сыйлаган эрки бар экен. 

Баса, Зулушев эки достун ортосун ажыраткан шынаа болуп жатат деген дагы сөздөр айтылып жатат. Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дегенди эске алганда, бул жагы жакшы эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости