www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдин президенти Ицхак Херцог нааразылык акцияларынан улам өкмөттү сот реформасын өткөрүү процессин тез арада токтотууга чакырды. Бул тууралуу The Jerusalem Post басылмасы жазды.
Өлкөдө сот реформасына каршы нааразылык акциялары бир нече айдан бери уланып келе жатат, бирок 27-мартка караган түнү реформага каршы чыккан коргоо министри Йоав Галанттын кызматтан алынышынан улам алар жаңы күч менен чыгышты.
Митингчилер менен полициянын ортосунда кагылышуу болуп, демонстранттар таш ыргытышты, полиция суу аткычтарды жана көздөн жаш агызуучу газды колдонду.
Маалымат каражаттарынын эсеби боюнча, түнкү нааразылык акцияларына 700 миңге чейин адам катышкан.
Реформа жактырылса, өкмөт сотторду дайындоодо чексиз көзөмөлгө ээ болуп, Жогорку Соттун ыйгарым укуктары да кыскарат.
“Биз бул түнү абдан оор көрүнүштөрдү көрдүк. Мен премьер-министрге, өкмөткө жана коалициянын мүчөлөрүнө кайрылам: эмоциялар оор жана азаптуу. Элдин тынчы кетип жатат. Коопсуздук, экономика, коом – баары коркунучта. <...> Израил элинин биримдиги үчүн, мен сиздерди мыйзамдарды кабыл алууну тез арада токтотууга чакырам”, - деди өлкө башчы.
Ал өкмөттү "жарандарды жана улутту биринчи орунга коюп, жоопкерчиликтүү жана кайраттуулук менен иш-аракет кылууга" үндөдү.
Булак: NazarNews.kg