www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкыртстандык атактуу альпинист Мария Нечаева Хан-Теңири чокусунан кулап каза болду. Бул тууралуу «Комсомольская правда» жазды.

Маалым болгондой, кырсык 6-августта болгон. 

«Кырсык болжол менен саат 12:30дар чамасында Хан-Теңири чокусунун түндүк тарабына түшүп келе жатканда болгон. Мариямдын сөөгү 5600 метр бийиктиктен табылган. Азыр куткаруучулар топ менен бирге Мариянын сөөгүн тик учак менен Каракол шаарына, андан ары эвакуациялоо үчүн базалык лагерге түшүрүп жатышат», - деп жазат Башкыртстандын тоо туристтеринин коомчулугу.

Туристтер Мария Нечаева альпинизм, аскага чыгуу, скайраннинг менен алектенгенин белгилешти. Анын жетишкендиктеринин арасында 7134 метр бийиктиктеги Ленин чокусуна чыгуу да бар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости