www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Коргоо министрлигинин өкүлү У Цянь АКШны кризисти жаратып, фактыларды бурмалап жатат деп айыптады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анын айтымында, Вашингтон өзү кризисти жаратып, андан кийин өзүнүн жаңылыш билдирүүлөрү жана аракеттери үчүн шылтоо издеп, жоопкерчиликти башкаларга жүктөйт. "Кошмо Штаттар толугу менен провокация кылды жана Тайван кысыгындагы азыркы курч кырдаалды жалгыз өзү жаратты", - деп билдирди Кытайдын расмий өкүлү. Мындан улам оор кесепеттер үчүн толук жоопкерчилик америкалык тарапка тартылышы керек экенин баса белгиледи.

Кытайдын тышкы иштер министри жана мамлекеттик кеңешчиси Ван Инин айтымында, Кошмо Штаттар «өзүнүн стратегиялык пландарын ишке ашыруу үчүн аларды кийинчерээк колдонуу» үчүн "көйгөйлөрдү жаратуу адаты бар". Ван И ошондой эле, АКШны Пелосинин Тайванга күтүүсүз сапарын пландаштырууда өлкөлөр менен ойногон "эски амалы" үчүн айыптады.

Өз кезегинде, Кытайдын АКШдагы элчиси Цинь Ган  Вашингтонду Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга болгон иш сапарынын кесепеттерин оңдоого үндөгөн. Кытай элчилиги америкалык тарап Кытай менен АКШнын ортосундагы мамиледегидей эле Тайван кысыгында чыңалуунун мындан ары күчөшүнө алып келе турган аракеттерден алыс болушу керектигин белгиледи.

Буга чейин Пекин Пелосиге жана анын жакындарына каршы санкцияларды жарыялаган. Анын Кытайдагы Тайванга сапары "жийиркеничтүү жана чагымчыл" деп мүнөздөлгөн. Кытай бийлиги америкалык саясатчы "Кытайдын ички саясатына катуу кийлигишкен" жана анын "мамлекеттик суверенитетине олуттуу зыян келтирген" деп эсептейт.

Эске салсак, 2-август күнү кечинде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барды. Ал келүүгө кам көрүп жатканда эле Кытай бийлиги Пелосинин аралга сапары "бирдиктүү Кытай" принцибине каршы келерин жана кырдаалды курчутарын эскерткен. Ал тургай ал учуп келе жаткан учакты Кытай истрибителдери тосуп алышы мүмкүн деген божомолдор айтылган. Бирок Кытай тараптан андай аракеттер болгон жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости