www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 20-августта социалдык тармактарда балдар аянтчасында аялдын балага кол көтөргөн видеосу тараган. Окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБден маалымат беришти.

«19-август күнү Жалал-Абад ШИИБге Сузак районун Октябрь айылынын 1991-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 17-август күнү саат 18:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы “Плаза” соода борборунун 4-кабатында 2012-жылы туулган баласын бейтааныш, 30-35 жаштар чамасындагы аял киши бети-башына урганын айткан.

Аталган маалымат Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Ал эми жабырлануучуга карата атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат«,- деп айтылат маалыматта.

Последние новости