www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкери Ысык-Көлдү 16 чакырым сүзүп өттү

ИИМдин Күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун кызматкери Улан Өмүралиев кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата Ысык-Көлдү 16 чакырым сүзүп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Өмүралиев Кара-Талаа айылынан саат 05:45те сууга сүзүп кирип, 16 чакырымды өткөндөн кийин саат 14:30да Тору-Айгыр айылынан чыккан.

Милиция кызматкерин жээктен жетекчилиги, кесиптештери, ата-энеси жана туугандары салтанаттуу түрдө тосуп алышкан.

Улан Өмүралиев бул ийгилигин кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арнаганын айткан. Ошондой эле колдоо көрсөткөндөрдүн баарына, анын ичинде демөөрчү болгон Nomad sport менен RestART компанияларына ыраазычылык билдирген.

Өмүралиев көлдү сүзүп өтүп жатканда аны Ысык-Көлдүн Туристик-экологиялык милициясынын кызматкерлери коштоп жүргөн.

Последние новости