www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Ленин районунда батир уурулуктарынын алдын алуу максатында милиция кызматкерлери түшүндүрүү-профилактикалык иш-чараларды өткөрүштү.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө тургундарга мүлктү коргоо жана батир уурулуктарынын алдын алуу боюнча сунуштар берилди.
Милиция жарандарды үйдөн чыгарда эшик-терезелердин бекем жабылганын текшерүүгө, узак убакытка сыртка чыккан учурда бул тууралуу бейтааныш адамдарга же социалдык тармактарга алдын ала маалымдабоого чакырды. Ошондой эле мүмкүнчүлүккө жараша видеобайкоо камераларын, сигнализация жана башка коопсуздук каражаттарын орнотуу сунушталды.
Мындан сырткары, тургундарга кошуналар менен тыгыз байланышта болуп, шектүү адамдар же жагдайлар байкалса, дароо милицияга кабарлоо зарылдыгы эскертилди.
Ленин РИИБ жарандарды өз мүлкүнө жоопкерчилик менен мамиле кылууга жана коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды.