www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК Манас шаарындагы Заманбап эл аралык университетте коррупциялык көрүнүштөр аныкталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, айрым окутуучулар жана окуу жайдын проректору студенттерден ар кандай шылтоолор менен системалуу түрдө акча чогултуп турушкан.
Акча оң баа коюу, зачёт жана экзамендерге киргизүү, аралык жана жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өткөрүү, ошондой эле окуу процессине байланышкан башка маселелерди чечүү үчүн талап кылынганы белгиленет.
Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси («Пара алуу») боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында университеттин проректору Э.Н.М. кармалып, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
УКМК өлкөдөгү жогорку окуу жайларында жана билим берүү мекемелеринде коррупцияга каршы иштер улантыларын маалымдады.