www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында Франциянын курама командасы Испаниядан 0:2 эсебинде жеңилгенден кийин өлкөнүн бир катар шаарларында, анын ичинде Парижде башаламандык орун алды.
Жеңилүүгө нааразы болгон күйөрмандар менен полиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуулар болгон. 140тан ашык адам кармалган.
Социалдык тармактарда тараган видео жана маалыматтарга ылайык, башаламандык учурунда унааларга жана бир катар инфраструктуралык объектилерге зыян келтирилген.
Белгилей кетсек, Франция жарым финалда Испанияга утулуп, дүйнө чемпиону болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Финалда Испания Аргентина менен Англиянын беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт. Бул беттеш бүгүн саат 23:00дө өтөт.