www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жапайы жаныбарлар арасында оорулардын жайылышын алдын алуу маселелерине арналган ведомстволор аралык жумушчу кеңешме өткөрүлдү.

Жыйынга Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоют кызматынын, Саламаттык сактоо министрлигинин Өзгөчө кооптуу жана карантиндик инфекцияларды алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча республикалык борборунун, Жаратылыш ресурстары министрлигинин Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин, ошондой эле Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө жапайы жаныбарлар арасындагы эпизоотиялык абалга мониторинг жүргүзүү, биргелешкен текшерүүлөрдү жана лабораториялык изилдөөлөрдү уюштуруу, оорулар жана жаныбарлардын массалык кырылуу учурлары аныкталганда ведомстволор аралык кызматташууну күчөтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле мамлекеттик органдар менен илимий коомчулуктун аракеттерин координациялоо, өзгөчө кооптуу оорулардын жайылышын алдын алуу жана өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча чараларга өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйындын соңунда тараптар мониторингди күчөтүү, маалымат алмашууну жакшыртуу, ооруларды эрте аныктоо системасын өркүндөтүү жана ветеринардык-санитардык, илимий жана жаратылышты коргоо багытындагы биргелешкен иштерди улантуу боюнча макулдашышты.

Последние новости