www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын Ички иштер министрлиги «криминалдык чөйрөнүн анабашы» деп саналган Равшан Мухитдинов Интерполдун эл аралык издөө тизмесинен чыгарылганын ырастады.
Мекеменин маалыматына ылайык, ага карата козголгон кылмыш ишинин жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, иштин тиешелүү бөлүгү токтотулган. Мухитдинов болсо социалдык тармактагы билдирүүсүндө бардык айыптар алынганын жана көп жылдык тыныгуудан кийин мекенине кайтууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн жазды.
37 жаштагы Мухитдинов уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу, мүлктү атайылап жок кылуу жана бейбаштык беренелери боюнча эл аралык издөөгө алынган. ЖМКлар анын мурда «Братский круг» кылмыштуу тобу менен байланышы болгонун жазып келишет.