www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы дайынсыз жоголгон Токтошова Гүлсара Сагимовнаны (1970-жылы туулган) издеп жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 2026-жылдын 12-июлунда саат 18:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы Алтын-Ордо конушунун Ак-Ниет көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Учурда анын жүргөн жери белгисиз.
Белгилери: бою 170–175 см, чачы ак баскан, көзү күрөң, өңү кара тору, жүзү сүйрү, кашы кара, мурдунда кичине дөңсөөсү бар.
Үстүндө кызыл түстөгү футболка жана көк түстөгү бут кийим болгон.
Бул факты боюнча материал Ленин РИИБинин АИС ЖУИ маалыматтык системасына катталган.
Жарандардан дайынсыз жоголгон аялдын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы болсо, төмөнкү телефондор аркылуу Ленин РИИБине кабарлоосу өтүнүлөт: 0312 352 632, 0312 352 947, 0703 699 055, 0224 214 346.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Европа аймактык бюросу 2000–2023-жылдары жаратылыш кырсыктарынан каза болгондордун жарымынан көбү жер титирөөлөрдүн кесепетинен болгонун билдирди.
Уюмдун маалыматына ылайык, эң кооптуу аймактардын бири Түркиянын Стамбул шаары болуп саналат. Окумуштуулар жакынкы он жылдыктарда бул аймакта магнитудасы 7 баллга жакын жер титирөө болушу мүмкүн экенин, анын ыктымалдыгы 40–60 пайызды түзөрүн белгилешет.
ДСУ ошондой эле Борбордук Азиядагы сейсмикалык коркунучтарга көңүл бурду. Ага ылайык, Кыргызстандын жана Тажикстандын дээрлик бардык аймагы, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын айрым бөлүктөрү жогорку сейсмикалык тобокелдикке кирет. Өзгөчө Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аймагын камтыган, 11 миллионго жакын адам жашаган Фергана өрөөнү аялуу аймак катары бааланат.
Уюм 2023-жылы Түркия менен Сириядагы кыйратуучу жер титирөөлөрдөн кийин ооруканалардын үзгүлтүксүз иштеши миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калууда чечүүчү мааниге ээ экенин белгиледи. Эксперттердин айтымында, жаңы медициналык мекемелерди сейсмотуруктуу талаптарга ылайык куруу долбоордун баасын 4 пайызга жетпеген өлчөмдө гана жогорулатса, иштеп жаткан имараттарды бекемдөө алардын жалпы баасынын болжол менен 1 пайызын түзөт.
ДСУ өзгөчө кырсыктарга даярдыкты күчөтүү үчүн тез жардам бригадаларын дайыма даяр кармоону, үзгүлтүксүз машыгууларды өткөрүүнү, эл аралык кызматташтыкты жакшыртууну жана калктын аялуу катмарына өзгөчө көңүл бурууну сунуштады.
Уюмдун белгилешинче, акыркы жылдардагы жер титирөөлөрдүн эң негизги сабагы — кырсык болордон мурда даярдык көрүү.