www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан жер мыйзамдары жаатындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жыйынтыгында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн мурдагы жооптуу кызмат адамдары тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталды. Аталган кызмат адамдары жеке материалдык пайда табуу максатында кызматтык абалынан пайдаланып, көрсөтүлгөн айыл аймагынан жарандарга жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз беришкен.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен мурдагы жооптуу кызмат адамдары С.М.М. жана М.Ш.М. кылмыш жоопкерчилигине тартылып, сот органдары тарабынан аларга карата үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда кылмыш ишинин башка фигуранттарын аныктоо жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Последние новости