www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен кошо айыпталып жаткан жети адамга байланыштуу жаңы маалыматтар белгилүү болду. Адвокат Акынбек Ногоевдин айтымында, Ташиевге, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана экс-депутат Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен айып коюлган.

Бул иш боюнча дагы беш адам — коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, экс-депутат Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер Аалы Карашев жана ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов айыпталууда. Алар “кылмышка кош катышкан” деген негизде айыпталып жатышканы айтылды.

Тергөөнүн негизги жүйөсү катары “75чилердин каты” боюнча жүргүзүлгөн лингвистикалык экспертиза көрсөтүлүүдө. Адвокаттын пикиринде, иш материалдарына “жашыруун” макамы берилгени менен анда мамлекеттик сыр боло турган маалымат жок.

Бул окуя 9-февралда 75 саясатчы жана коомдук ишмер президентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу кайрылуу жолдогондон кийин башталган. Көп өтпөй ИИМ кылмыш ишин козгоп, бир катар мурдагы аткаминерлерди камакка алган.

Кийинчерээк Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди кызматтан бошотуп, парламент ичинде “президентчил” жана “атайын кызматтын адамдары” болуп бөлүнүү күчөгөнүн билдирген. Бул окуялардан соң Нурланбек Тургунбек уулу төрагалыктан жана депутаттык мандаттан баш тарткан.

Саясий чыңалуунун фонунда бир катар депутаттар дагы мандаттарын тапшырып, айрымдары коррупциялык иштер боюнча кармалган.

Последние новости