www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен районунда чек арачынын куралынан ок тийген сегиз жаштагы өспүрүмдүн абалы оор. Бул тууралуу 8-августта Баткен районунун акимчилигинен «Азаттык» радиосуна кабарлашты. Жабыркаган өсүпүрүм учурда Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Окуя 7-августта кечинде Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен аймактагы Миң-Өрүк айылында болгон. Алдын ала маалыматта 19 жаштагы жергиликтүү тургун чек арачылардын жанына келип, куралды кармап көрөм деп колуна алганы айтылат. Ошол маалда курал атылып кетип, ок жанында турган сегиз жаштагы баланын жамбашына тийип, омурткасын да жабыркаткан.

Өспүрүм 7-август күнү кечинде облустук ооруканага жеткирилген.

Чек ара кызматы окуя тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Булак: Азаттык

Последние новости