www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швейцариянын электр энергиясы боюнча федералдык комиссиянын президенти Вернер Люгинбюль мекендештерин кышка чейин шам жана отун камдап алууга чакырды. Бул тууралуу ал NZZ am Sonntag телеканалына берген маегинде айткан.

Комиссия башчысы өлкөнү катаал кыш күтүп турганын эскертти. Анын айтымында, электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы толук мүмкүн.

"Ар бир адам келерки кышта кээ бир аймактарда бир нече саатка болсо да жарык өчүп каларына даяр болушу керек. Андыктан үйдө шамдын запасы болгону туура. Меши барлар жетиштүү отун камдап алышы керек", — деди Лугинбюль.

Ал өзү дагы демейдегиден көбүрөөк отун камдап алганын айтып, "Европа электр энергиясы гана эмес, газдын тартыштыгына да дуушар болушу мүмкүн" экенин кошумчалады.

"Ар кандай кыйынчылыктар болуп жатат. Бул нерсе биздин өлкөдө эч качан көрүлбөгөн чараларды көрүүгө мажбур кылат", — деди жетекчи.

Февраль айынын соңунда Россия Украинаны демилитаризациялоо боюна атайын операциясын баштаган. Россия мунайы менен мунай заттары боюнча чектөө ЕБдин санкцияларынын алтынчы пакетине 3-июнда киргизилген. Эмбарго деңиз аркылуу ташып келүүлөргө жана түтүктөргө салынган. РФтен нефть импорттоого салынган тыюу декабрдын башына чейин, ал эми мунай заттарына 2023-жылдын февралына чейин салынган.

Последние новости