www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Баткен облусунда эвакуацияланган 4 миңден ашуун адам үйүнө кайтып бара элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын 278и убактылуу кабыл алуу жайларында, калган 3725 адам башка жарандардын үйлөрүндө жашап жатат.
14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам жалпы 136 770 адам эвакуацияланган. Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп, 238 үйдү оңдоого муктаж.
Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышта Кыргызстандын 63 жараны мерт болгону расмий кабарланган. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүү жай тургун. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алды. Анын 145и жоокерлер, 60ы жай тургун.
Булак: NazarNews.kg