www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын үстөмдүгүнөн баш тартууга ыктоо эл аралык саясатта өлкөлөрдүн өсүп-жетилгендигинин белгиси болуп калды. Бул тууралуу Кытайдын Жэньминь университетинин Каржылык изилдөөлөр институтунун изилдөөчүсү Цзя Минь Владимир Путиндин "Валдай" эл аралык дискуссиялык клубунун пленардык жыйынында сүйлөгөн сөзүнө комментарий берип жатып айтты. Анын пикирин РИА Новости жазды.

Путин анда АКШнын саясатын мамлекеттер четке кагып жатканын, бул кадыресе көрүнүшкө айланганын айткан.

"Путин татаалыраак интернационалисттик көз карашты сунуштап жатат. Ал "ооба, улуу державалар маанилүү ролду ойношу керек, бирок алар да өз бийлигинин чегин так билиши зарыл" деп эсептейт. Бул абдан туура", — деп кошумчалады эксперт.

Ошондой эле ал ири державалардын ортосунда чыр-чатактар жана карама-каршылыктар сөзсүз болорун, эң башкысы аларды көзөмөлдөй билүү, башкара билүү, компромисстерди издөө керектигин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости