www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илгери өткөн кылымдын 70 жылдары эле «Кемпир ыйлаак» учурунда, бороондон улам айлана кыпкызыл болуп кала турган. Муну өз көзүбүз менен көргөнбүз. Чоң аталардын доору байыркы сыяктуу сезилет.Чындыгында 1850-жылы жарыкчылыкка келип, бүтүндөй бир кылымда чалкып жаткан Эсенбай эсепчи өткөн кылымды ортолоп барган. Анын уулу да ал жетимиш жашка келгенде бул дүйнөгө келип жүз жашты үркүтүп барып 2015 жылы бул дүйнө менен кош айтышкан. Эсенбай эсепчи чилде башталганда кар жок, жылуу болуп жатканы менен чилденин аягында кардын жаап, суук болушу, быйылкы жайдан көп жакшы нерсени үмүттөтүрүп койот деген. Албетте, «Кыздын кыздай, кыштын кыштай» болгону дурус, анын үстүндө жайдын кургакчыл болбой түшүмдүү болгону жакшы. Чилде чыккан соң «апкыт-сапкыт алты күн, кемпир ыйлаак жети күн», кемпир ыйлаак учурунда суук ойдогудай болбой калса, кийин апрелде келип өчүмдү алармын деп кетет экен. Эсепчинин эсеби боюнча кыш чилдеси кырк күн өткөн соң 17-февраль күнү чыгып, эл жаз камын көрө баштайт. Эсепчилер кышкы чилде чыгышы менен келе жаткан жылдын кандай болоору тууралуу эсептешкен. Азыркы заманда аба ырайын алдын-ала так биле турган метеорологиялык аспаптардан улам, бир жума алдыда боло турган аба-ырайы тууралуу маалыматтарды билсе болот.

Эсенбай эсепчинин айтуусунда азыр да негизинен туура эле келет. Жылдыз санап мезгилдин тамырын кармап, кышта жаз, жайдын, жазда күздүн, жайда кыштын кандай болоорун астына ала айтып койгон ата бабабыздан калган өнөр тилекке каршы жок болуп баратат. Эсенбай эсепчинин күнүмдүк аба ырайынан баштап, төрт мезгилдин кандай болоорун так айткан өнөрү дүң болуп калың элдин учу кыйрына тарап, алыс жакындан атайлап ат арытып келип акыл сурап кетип турушчу экен. Эсенбай эсепчи менен акылдашып жерге соко салышып, жайлоого, кыштоого качан көчкүлө — десе көчүп, кышка камылга көрүп турушкан. “Кыш оор болот. Жаз кеч келет. Отун сууну кенен камдап, малга тоютту мол камдагыла”- десе айтканын аткарышкан.

Эсенбай эсепчинин айтуусу боюнча сууктун чыгышы 2-февралдан башталып, эң алгач  “Кырк кыз” кетет. Бул он эки күнгө созулуп, 2- февралдан баштап 14-февралга чейин “Кырк кыз” кете баштайт. “Кырк кыз” кетип жатканда бирде жаркырап күн тийсе бирде бүркөлүп, бирде жамгыр жааса бирде карлап, кыздардын мүнөзүндөй кылык көрсөтөт. Мындай табият кубулушун Эсенбай эсепчи: “Кырк кыз кылыктанып атат. Күн жаркырап тийип, кар ээрисе жаз келип калды дебегиле. Али көп оюндары бар бул кыздардын”- деп айткан. “Кырк кыз” чыгып жатканда кар аралаш жамгыры көп жаап, бирде күн ысып кар ээрип жаз келгендей болуп жаркыраса “Быйыл жаз эрте келет окшойт. Жаз жамгырлуу болуп жер айдоого жакшы болот көрүнөт. Жазга эрте камыналы” — деген экен жарыктык.

Чилденин акырында 14 – февралдан баштап дагы он эки күнгө созулган “Кемпир ыйлаак” деген кургуру бар. Муну 26 -февралга чейинки убакытты “Ыйлаак кемпирдин кеткен мезгили” – дешкен. “Кемпир ыйлаак” биринчи жумада, жыла басып жумшак кирип, кар аралаш жамгырлатат. Короо — сарайга баш багып мал жанды эсептейт. Үйгө баш багып тирүү жанды эсептейт. Анан экинчи жумасынан баштап жиндеп кирет. Алай-дүлөй бороон боздоп ыйлап кар борошолотуп элдин эсин чыгарган шамалдар болот. “Кемпир ыйлаак” “Казаныңарга эле эмес этиңерге май калтырбай алам”- деп шерт кылып келет тура. Мунун түпкү маани маңызы кышка камылга көрүп жай күздө даярдан дегенде жатат. “Келерки жылда дагы келээрмин..” – деп жатпайбы.

“Кемпир ыйлаак” борошолотуп кар жаадырып, муз тоңдуруп суук кылып титиретип үшүтүп, жүдөтүп чыкса кыргыздар кубанып, “Ыйлаак кемпирдин бугу чыгып жакшы кетти. Жаз жакшы болуп үшүк жүрбөйт”- дешет. Эгер “Кемпир ыйлаак” (20 сынан 26 – февраль ичинде) борошолотуп кар жаадыра албай бугу чыкпай калса, “Силердиби. Мени кетти дебегиле 40 күндө, ары ашса 90 күндө кайра дагы кайрылам. Ошондо көрүшөбүз”- деп кекенип кетет имиш. Жанагы жазында кар жаап үшүк жүргөндү кыргыздар “Оңбогон “Кемпир ыйлаактын” бугу чыкпай калды эле. Акыры келип бугун чыгарып кетти”- дешет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости