www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Сооронбай Шариповичке!

Урматтуу Өкмөт башчыбыз Мухаметкалый Абылгазиевке!

КАЙРЫЛУУ!

Кызыл-Кыя шаарынын Молодежная көчөсүнүн 10-үйүнүн тургандарынын боздогонун угуп коюуңузду суранабыз.

Биз жашап турган Молодежная көчөсүнүн 10-үйүнүн алды жагын Таштанова Наргүл аттуу жактоочу сотторго акча берип, эл менен эсептешпей соодалашып утуп келгени аз келгенсип, эми биздин үйүбүздүн жашоочуларына катуу сүйлөп, адвокаттык этиканы сактабастан оозунан ак ит кирип, көк ит чыгып, ашатып уят сөздөр менен алышып жатат. Биз 8-май 2018-жыл күнү саат 10.30 чамаларында үйүбуздүн алдына келип кыйкырынып: «силер кимсиңер курулушту токтоткудай, биз бари-бир курабыз, мен чечем бул жерде, менин айтканым закон. Силер бир нерсе көрө электе токтоткула» деп бизди коркутуп баштады. Бир убакта милиция чакырды. Көрсө, Тойгонбаев Чыңгыз келди. Тойгонбаев Чыңгыз менен жакын дос экен, сүйлөшүп алып келип милициялар бизди камайм деп коркутту. Биз видеого ала баштаганда бир-бирден тарап кетишти. Арада биз Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Асановичке чалдык. Мэр вице-мэрин жөнөтүп, комиссияга салып, 6 депутаттын катышуусунда чечип берээрин айтып токтотулду курулуш. (Тартылган видеотасма бар)

Урматтуу, Адилеттүү иштерди жасап, элдин үмүтүн арам соттордон тазалайм деп коррупцияга катуу күрөшүп жаткан Журт башчыбыз Сооронбай Шарипович! Сиздерден суранабыз, биздин адилетсиз соттордун айынан калыс чечилбей калган өз үйүбүздүн жанын эл тарапка чечип берүүңүздөрдү суранабыз. Биринчиден үйүбүздүн жаны, экинчиден кызыл линия, үчүнчүдөн элге курулуштун айынан караңгылык болоорун, үйүбүздүн жаны экенин эске алып, убагында жергиликтүү бийлик арамдыгынан сатып, мыйзамга карабай, эми элди козгоп, уруштуруп орган милиция бизди камайм деп коркутууда. Ушу маселени кайдыгер таштабооңузду суранабыз. Адилетсиз сотторго элдин ишеними кеткенин өзүңүз жакшы билесиз. Эми милиция да коркутуп, Таштанова Наргүлдүн буйругу менен келип коркуткан Тойгонбаев Чыңгыз болуп милициялар мыйзам чегинде иштөөсүн талап кылабыз. Өз үйүбүздүн күн   чыгыш жагын биз бари-бир курулушка жол бербейбиз, биздин өлүмүбүздү каалап жатабы же бул жерге кызыгып аткандын артындагы олигархтардын кызыкчылыгы.  Дадабаева Буалима өз кызмат абалынан пайдаланып мамкаттоодо иштеп, аукциондон 2007-жыл беш жылдык мөөнөткө 250 сомго сатып алып, 2009-жылы кандайдыр бир себеп менен архитектура аркылуу, коррупциялашып он жыл мөөнөткө убактылуу пайдалануу үчүн тийиштүү документи жасатып алган. Архитектура жетекчиси кызыл линия экенине карабастан уруксат берген, бул Мурзатов Абдураим Кыргызстандын архитектурадан ажырагыс бир нече жолу соттолгон, экономикалык жактан кылмыш иштери көп жолу аныкталып, акча кусуп, камалып чыгып да архитектурадан ажырабай жетекчи болуп отурат. Мурзатов Абдираимден акча жеп соттор бошотуп койдубу же дагы жер сата бер деп бошотуп ордуна отургузуп койдубу? Кызыл-Кыя шаарындагы тууганчылык коррупцияга малынбаган атка минерлер калбады окшойт. Кызыл-Кыя шаарындагы алмаштыргыс коррупциялашкан жетекчилерди тизгинин тартып, таза жетекчилерди коюуңузду биз суранабыз.

Кайрылуу ээлери:

1.Курмушуева Чолпонай Мамасалиевна, 0779095462

2.Жороева Гулкан Бурхановна, 0777013600

3.Мамасалиева Салия Сайдуллаевна, 0772633490

4.Ормонова Назира Мавлановна, 0777507249

5.Пирматова Элмира Токтогуловна, 0773277744

Жана башка Молодежная 10-үйүнүн көп кабаттуу уйунун тургундарынан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости