www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызыл-Кыя шаарында электрондук алдамчылыктарга алданбоо боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кызыл-Кыя ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери мектептерде жана билим берүү мекемелеринде кылмыштуулуктун, анын ичинде киберкылмыштуулуктун жана интернет алдамчылыктарынын алдын алуу максатында мугалимдер жана окуучулар менен профилактикалык сабактарды өткөрүштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Сабактын жүрүшүндө киберкылмыштуулуктун түрлөрү, шектүү интернет шилтемелерине кирбөө, социалдык тармактар аркылуу сунушталган ар кандай жарнама товарларды сатып алууда сак болуу, ошондой эле өзүнүн банктык карта маалыматын жана банктык эсептерин башка адамдарга бербөө же сатпоо тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Мындан тышкары, жарандарды алдамчылыктын ар кандай ыкмалары тууралуу маалымдоо жана жеке маалыматтарды коргоо боюнча маанилүү кеңештер айтылды.