www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мекенчил» депутаттык тобу Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын 2026-жылдын жазгы талаа иштерине карата даярдыгы тууралуу маалымат угуп, эске алды.

Аталган маселе боюнча баяндама жасаган Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев ирригациялык объекттердин абалы, үрөн, минералдык жер семирткичтер жана күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу маселелерине токтолуп, бардык иш-чаралар бекитилген планга ылайык жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Талкуу маалында депутат Гүлсүнкан Жунушалиева Нарын облусунун Кочкор жана Жумгал райондорунда ирригациялык объекттердин курулушуна жана даярдыгына байланышкан суроолорду тактап, дыйкандарды жеңилдетилген насыя менен камсыз кылуу шарттарына көңүл бурду.

Ал эми депутат Махабат Мавлянова Кыргызстанга көчөттөрдү алып кирүүдө фитосанитардык көзөмөлдү камсыз кылууга чакырып, айыл чарба тармагына илимий жетишкендиктерди кеңири киргизүү керектигин айтса, эл өкүлү Ырысбек Атажанов Баткен облусунун Кадамжай районундагы дыйкандарды күйүүчү-майлоочу материалдар, минералдык жер семирткичтер жана жеңилдетилген насыялар менен камсыз кылуу маселелерин ортого салды.

Муну менен катар депутат Советбек Рустамбек уулу Ош облусунун Ноокат районунда калкты сугат суу менен камсыз кылуу жана ирригациялык объекттерди калыбына келтирүү көйгөйлөрү тууралуу сөз кылды.

Депутат Айсаракан Абдибаева айыл чарба тармагындагы иш-чаралар планына токтолуп, азык-түлүк коопсуздугу жаатында дан азыктары менен камсыз болуу деңгээлине, суунун тартыштыгы шартында сугат суунун жетишсиздигин жоюуга өзгөчө көңүл бурду.

Өз кезегинде депутат Эркеайым Сейтказиева айыл чарба багытындагы жерлерди, жайыттарды жана жер ресурстарын башкаруу маселелерин көтөрсө, эл өкүлү Чолпонбай уулу Бекмырза айыл чарба техникаларын лизингге берүү шарттарын тактады.

Андан тышкары, депутат Токтобүбү Ашымбаева Чүй облусунун Аламүдүн районундагы дыйкандарды күйүүчү-майлоочу материалдар, минералдык жер семирткичтер жана жеңилдетилген насыялар менен камсыз кылуу маселелерин белгиледи.

Депутат Курманкул Зулушев айыл чарба тармагында жумуш орундарын түзүүгө, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө жана аймактардын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган реформаларды жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Андан тышкары, «Мекенчил» депутаттык тобунун жыйынында Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоору тууралуу маалымат да угулду.

Долбоор менен Бишкек шаарынын жер пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелери боюнча вице-мэри Азамат Кадыров тааныштырды.

Талкууда депутат Жаныбек Абиров Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоорун бекитүү тартибине, «кызыл сызыктардын» өзгөрүшүнө токтолуп, жолду кеңейтүү пландарына байланыштуу Шералиев көчөсүндөгү турак үйлөрдү бузуу маселесине өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле эл өкүлү Умбеталы Кыдыралиев Башкы планды бекитүүнүн мөөнөттөрүн, ошондой эле «кызыл сызыктын» өзгөрүшүнө байланыштуу мурдагы Башкы пландын кайсы жоболору сакталып, кайсылары тактала турганына кызыкты. Депутат Темирлан Айтиев Бишкек шаарында жер мунапысына байланыштуу жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маселелерди көтөрдү.

Последние новости