www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан коомдук транспорттун айдоочуларына жасалма чек көрсөтүп жүрүшкөн эки чет өлкөлүк жарандар аныкталды. Алар Оштогу жогорку медициналык окуу жайларда окушат. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Студенттер Ош ШИИБне алынып келинип, профилактикалык маектешүү өткөрүлдү. Алар, 2005 жана 2006-жылы туулган. Андан сырткары окуу жайдын окутуучулар жамааты менен биргеликте чет өлкөлүк жарандарга бул багытта түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын аймагында өлкөнүн Мыйзамдарын так, кыйшаюусуз аткаруу, жергиликтүү элдин каада-салтын, үрп-адаттарын сыйлоо эскертилди.

 

Последние новости