www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү Лейлек районунда тажик тараптын ок атуусунан улам Баткен ОИИБдин өздүк курамы көтөрүлгөн "Айгайдын" негизинде башкармалыктын жетекчилиги менен биргеликте жерине барып абалды турукташтырууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов Тажикстан Республикасынын Согди ОИИБнын начальниги милициянын генерал-майору Абдулло Навджуанов менен чек арада жолугуп, эки элдин ортосундагы коопсуздукту сактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Учурда милиция кызматкерлери аталган аймактарда кайгуул күзөттөрдү уюштуруп, коомдук коопсуздукту камсыздоодо.

Эске сала кетсек, буга чейин мамлекеттик чек ара кызматы 12-апрелде Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталып, эки тараптан бирден чек арачы жараат алганын билдирген. Тажик чек арачылары Достук айылын миномёттон аткылаганы кабарланган.

Так ушул убакытта жергиликтүү калк коопсуз жайларга көчүрүлүүдө дегени менен бизге жеткен маалыматтарга таянсак, такжик тарап кыргыз тарап менен сүйлөшүүнү четке каккан. 

Жергиликтүү калк дүрбөлөңгө түшүп, коопсуз жайларга көчүрүлүүдө, деди ишенимдүү булак.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости