www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-апрелде саат 23:15ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди. Бул тууралуу АКИpress жазып чыкты. 

Кыргыз айылдарын миномет менен аткылоо токтотуп, саат 22:50дөн баштап Баткен облусунун Баткен районундагы Радар-1 тилкесинде тажик тарап Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин аскер кызматкерлерин маал-маалы менен аткылап турат.

Мындан тышкары, окуя болгон жерге тажик тарап күчтөрдү жана каражаттарды топтоп жатканы катталган. УКМКнын Чек ара кызматынын директору, генерал-майор Уларбек Шаршеев УКМКнын бөлүмчөлөрүнүн жана башка укук коргоо органдарынын иш-аракеттерин координациялоо үчүн жеринде жүрөт. УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык чараларды көрүп жатат.

Последние новости