www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода жолукту. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу Лейлек районунун Кулунду өткөрмө посту тараптагы чектеш аймакта болду. Ага Баткен, Лейлек жана Тажикстандын Исфара райондорунун акимдери, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышкан. 

"Тараптар ар бир чек арада катталган, соңку күндөрү болуп жаткан окуяларды талкуулашты. Кандай катачылыктар, кимдер тарабынан кетирилгендиги туурасында кеп козголду. Мындан сырткары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине катталган окуялар боюнча териштирүүгө тапшырма берилди", — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада 17-августтан баштап жер-жерлердеги чек ара заставаларынын башчылары менен биргеликте чек арадагы терс көрүнүштөр боюнча окутууларды өткөрүү макулдашылды.

"Ага ылайык, чек арадагы чектешкен айылдардагы жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү жана чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу аракети жасалат. Чектеш аймактарда чыр-чатак орун алган окуялар боюнча күч органдары тарабынан козголгон фактылар жана даярдалган материалдар менен алмашуу жүрөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун максаты кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдардын алдын алуу болуп саналат. Эки тараптын облус башчыларынын деңгээлинде мындай жолугушууну айына эки жолу уюштуруу макулдашылды.

Жакында Лейлек районуна караштуу Катта-Туз аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары казган аң жана Максат айылына жакын курулуп жаткан тосмонун курулушу токтотулуп, казылган аң толтурулган.

Эске салсак, быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон

Булак: NazarNews.kg

Последние новости