www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Афганистандагы «Талибан» кыймылы 2001-жылы бийликтен кеткенден кийин Батыш колдогон өкмөт менен күрөшүп баштаган.
«Аль-Жазира» телеканалы билдиргендей, алгач аталган кыймылга 1980-жылдары АКШнын жардамы менен советтик аскерлерге каршы согушкан можахеддер кирген.
«Талибан» кыймылы 1994-жылы жарандык согуш учурунда пайда болгон. Анын негиздөөчүсү жана биринчи лидери молдо Мохаммад Омар болчу. АКШ 2001-жылы 11-сентябрдагы терракттан кийин Афганистанга аскерлерин киргизип, жергиликтүү күчтөргө «Талибандын» бийликтен кетишине жардам берген. Ошол учурда Мохаммад Омар качууга аргасыз болгон.
Ал 2013-жылы көз жумган. Ага чейин Мохаммед Омар тууралуу эч кандай маалымат жок болгондуктан, анын каза болгону эки жылдан кийин, тактап айтканда 2015-жылы гана белгилүү болгон.
«Талибан» кыймылынын негизги фигуралары:
Хайбатулла Ахунзаде
Ислам таанучу. Талибдердин эң башкы лидери. Кыймылдын саясий, диний жана аскер иштерин башкарат.
Хайбатулла Ахунзадеге чейин «Талибандын» башында Ахтар Мансур турчу. Ахтар Мансур 2016-жылы афган-пакистан чек арасынан анча алыс эмес жерде АКШнын чабуулунан кийин каза болгон.
2016-жылы май айында Хайбатулла Ахунзаденин дайыны чыкпай калган. Ага чейин 15 жыл Пакистандын түштүк-батышындагы Кучлак шаарындагы мечитте сабак берип келгени айтылат.
Учурда Хайбатулла Ахунзаде 60 жашта деп саналат. Анын жүргөн жери азыркыга чейин белгисиз.
Мохаммад Якуб
«Талибандын» негиздөөчүсү Мохаммед Омардын уулу. Ал аскердик операцияларга көз салат. Афганистандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматына караганда, учурда Афганистандын аймагында жүрөт.
Мохаммад Якуб «Талибанды» жетектөөгө кызыктар адамдар бийлик талашып жаткан кезде кыймылдын лидери болсун деп сунушталган. Бирок Мохаммад Якуб 2016-жылы лидерликке Хайбатулла Ахунзадени сунуштаган. Себеби Мохаммад Якуб өзүн жаш деп санап, аскер иштеринде тажрыйбасы жок деп эсептеген.
Учурда Мохаммад Якуб 30 жашта деп саналат.
Сиражуддин Хаккани
Можахеддердин белгилүү командири Жалалуддин Хакканинин уулу. Сиражуддин Хаккани пакистан-афган чек арасындагы талибдердин аскерин жана каржысын көзөмөлдөгөн топту жетектейт.
Айрым эксперттердин айтымында, Сиражуддин Хаккани Афганистандагы чоң кол салууларды жасаган. Алардын арасында Кабулдагы мейманканага, ошол учурдагы президент Хамид Карзайга, Индиянын элчилигине кол салганы айтылат.
Сиражуддин Хаккани болжол менен 40-50 жашта. Анын жүргөн жери белгисиз.
Абдул Гани Барадар
«Талибанды» түзүүчүлөрдүн бири. Ал учурда кыймылдын саясий кеңсесин жетектейт. Ошондой эле Дохадагы сүйлөшүүлөрдү алып барган топтун ичинде.
Айрым маалыматтар боюнча, Мохаммед Омардын ишеничтүү командирлеринин бири болгон. 2010-жылы Пакистандын түштүгүндөгү Карачи шаарында кармалып, 2018-жылы бошотулган.
Шер Мохаммад Аббас Станикзай
«Талибан» кыймылындагы мурунку ички иштер министри. Дээрлик 10 жылдай Дохада жашап, 2015-жылы кыймылдын саясий кеңсесин жетектеген.
Ал Афганистандын өкмөтү менен «Талибандын» өкүлү катары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар өлкөлөрдө дипломатиялык сапарларда болгон.
Абдул Хаким Хаккани
Талибдердин сүйлөшүүлөрдү алып барган тобун жетектейт. Ал «Талибандын» көмүскөдөгү мурунку жогорку соту болгон. Хайбатулла Ахунзаде өтө ишенич арткан адам экени тууралуу да маалымат бар.
Булак: NazarNews.kg