www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 16-августта Батыш Казакстан облусунун Байтерек районундагы талаада башталган өрт жакын жайгашкан токойго өтүп, жалын каптаган аянт 21 гектарга жетти.

Облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматына караганда, алгач Байтерек районундагы талаада куураган чөп күйө баштаган. Кечке жакын жалын Орол дарыясынан өтүп, Теректин районундагы токойго жайылган. Учурда жакын жайгашкан айылдардын тургундары үчүн эч кандай коркунуч жок.

Экоактивисттер акыркы кездери облуста катталып жаткан өрттүн көбөйгөнүн ысык аба ырайы жана Орол дарыясынын тайыздап жатканы менен байланыштырууда.

“Жайдын өтө ысыктыгы жана шамал өрттүн тез жайылышына себеп болууда. Мындан тышкары куурап калган чөптөр тазаланбайт: облуста кызматкерлер аз, жетишпей калып жатышат. Дагы бир фактор — Орол дарыясынын тайыздап жатышы. Суу азайып, бак-дарактарга нымдуулук жетишпей калууда. Азыр дал ошол токой өрттөнүп жатат”, — деди “Жашыл фронт” аттуу экологиялык кыймылдын өкүлү Злата Удовиченко.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости