www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция Жалал-Абад облусунда кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусун аныктады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 26-июль күнү жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан жогорку окуу жайлардын (ЖОЖ) биринде иштеген “Динара” аттуу жаран, “А” аттуу адамдан “жумушуӊду бүтүрүп берем” деген максатта акча талап кылып жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Аталган маалымат “Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу” боюнча катталып, ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 238-беренесинин (Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

“Жогорудагы сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 2021-жылдын 28-июль күнү саат 11:00 чамасында ЖОЖ окутуучусу А.Д., факультеттин деканынын кабылдамасында студенттердин сабактарынан экзамендерди бүтүрүп, баа койдуруп берем деген убада менен 10 миң 500 сом акчаны мыйзамсыз сый акы чогултканы аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө А.Д. студенттерден алган акчаларды өз ыктыяры менен тергөө кызматына тапшырган жана атайын тергөө аракетинин жүрүшүндө далил буюм катары алынган”,-деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча А.Д.га карата Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 238-беренеси боюнча айыбы угузулуп, Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан өндүрүш иши соттун кароосуна жиберилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости