www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусу кечээ, 29-апрелде Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун элине күрүч, алма, картошка азыктарын  жардам катары жөнөттү. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Өзбекстан Covid 19 оорусунун жайылышына каршы күрөшүү боюнча  бир биринин иш аракеттерин колдоого алган.

Бул багытта Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында, Фергана облусу Баткен облусуна буга чейин кооптуу илдет менен күрөшүүдө зарыл болгон коргонуучу кастьюмдарды, дезинфекциялык  каражаттар жана  ун азыктарын жиберген.  

Баткен облусунун жетекчилиги, облустун элинин атынан, кошуна Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге, Фергана облусунун жетекчилигине, жалпы өзбек элине оор кырдаалда көрсөткөн жардамы үчүн  терең ыраазычылык билдирет, ошондой эле өзбек эли дагы бир жолу кылым карыткан жакын кошуналык, достук мамилебиз бекем экенин айгинеледи деп белгилейт. 

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости