www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусуна 89 дарыгер жардам көрсөтүү үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова брифингде билдирди.
Анын айтымында, алардын ичинен 37 адис, булар жогорку квалификациялуу дарыгерлерден турган үч бригада дароо Лейлекке жөнөтүлгөн. «Азыр алар ошол жерде калкка бардык керектүү жардамдарды көрсөтүп жатышат», - деди ал.
Жылдыз Айгерчинова жабырлануучуларды, ошондой эле гемодиализ менен ооругандарды Бишкекке алып келүү уланып жатканын кошумчалады. «Баткен облусунда гемодиализге муктаж 35 адам бар. Лейлек районунда оор кырдаал түзүлүп, 10 адам атайын учак менен Бишкекке жеткирилди. Аларды жайгаштырып, гемодиализ ала башташты. Бүгүн дагы үч бейтаптын кабыл алынышы күтүлүүдө», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg