www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министрлиги: Баткен облусунда медициналык жардам көрсөтүү боюнча саат 11:00гө карата ыкчам маалымат.
Алгач Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү маркум болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтышты.
2022-жылдын 18-сентябры саат 11:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда курман болгондордун саны 134 адамды түзүп, 36 адам каза болгон.
«Жабыркагандарга жогорку квалификациялуу жардам көрсөтүү максатында Баткен облусунан борбор калаанын ооруканасына 98 адам жеткирилген. Зарыл болгон дарылоо жана операциялар оперативдүү түрдө жүргүзүлүп жатат», - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин жарандык коргоо секторунун башчысы Кубанычбек Кулмаматов.
Мекеменин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова белгилегендей, дарыгерлерге жана жарандарыбызга жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна Бишкектен 87 дарыгер жана медицина кызматкерлери жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө дары-дармектер жана кандын компоненттери жетиштүү, бул маселе министрдин орун басары Садыков Уландын көзөмөлүндө.
«Ушул күндөрү активдүү кан тапшырган кайрымдуу жарандарга ыраазычылык билдиребиз, Бишкек шаарында эле 500дөн ашык адам донор болуп, чогултулган материалдын баары атайын рейс менен Баткен облусуна жөнөтүлдү», - дейт Ж.Айгерчинова.
Белгилей кетсек, гемодиализге муктаж жарандарга да керектүү көмөк көрсөтүлүп, Лейлек районунан 10 адам атайын учак менен Бишкекке жеткирилди.
Булак: NazarNews.kg