Баткен облусуна жаңы жетекчи келди
Коом  |   |  976

 Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп Алимбаев Абдикарим Карбекович дайындалды. Ал тууралуу буйрукка бүгүн, 5-майда премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Бул кызматта эмгектенип келген Өмүрбек Субаналиев кызматтан кеткени 4-майда кечинде белгилүү болду.

Ал эми А.Алимбаев Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп эмгектенип жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями